Жапаров: Өлкөдө көз карандысыз медиалардын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар

Жейми Флай жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

11-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды. Ал жолугушууда өлкөдө «көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар» деп билдирди.

Жапаровдун айтымында, баардыгы үчүн бирден-бир талап – улуттук мыйзамдарды сактоо, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынган.

«Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү», — деди Жапаров.

Президенттин басма сөз кызматы Джейми Флай «жолугушуу үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады» деп жазды.

Бирок «Азаттык» үналгысы Флай Жапаров менен жолукканда бийликти көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы бардык чабуулду токтотууга жана Кыргызстандын эң эркин медиа чөйрөсүн сактап калууга чакырганын жазды. Анын айтымында, кыргызстандыктар бейтарап маалымат алууга кызыктар.

«Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшү

2022-жылдын октябрь айында Маданият министрлиги «Азаттык» үналгысынын сайтын эки айга бөгөттөгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай буга жооп кылып, алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирген.

9-февралда Бишкектин райондук соту кыргыз министрликтин «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу тууралуу арызын кароону 20-февралга жылдырды.

Бишкек шаарынын административдик соту болсо «Азаттык Медиа» мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

HRW: Кыргыз бийлиги «Азаттыкты» жабуу жөнүндө доо арызын чакыртып алышы керек