HRW: Кыргыз бийлиги «Азаттыкты» жабуу жөнүндө доо арызын чакыртып алышы керек

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму кыргыз бийлигинен «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу жөнүндө доо арызын токтоосуз түрдө чакыртып алууну талап кылды. Бул боюнча билдирүү уюмдун сайтында жарыяланды.Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева «“Азаттык Медианы” жабуу Кыргызстандагы ЖМК эркиндигине урулган чоң сокку болуп каларын» белгиледи.

«Өкмөт Кыргызстандагы көз карандысыз журналистиканы көзөмөлдөө жана цензурага тушуктуруу аракетин токтотуп, адам укугу, айрыкча ЖМК эркиндиги жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сакташы керек», — деп кайрылды ал.

«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү

«Азаттык» соңку бир нече айдан бери бийликтин басымына кабылууда.2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.

Министрликтен «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептейт.

Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө менен тыйылып калган эмес. 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай акыркы жагдайга байланыштуу комментарий берип, алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирген.

Ал эми Кыргызстандын медиакоомчулугу Маданият министрлигинен «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылган. Билдирүүгө «Медиа Полиси Институту», Журналисттердин көз карандасыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси, Иликтөөчү журналисттердин фонду сыяктуу бир катар уюмдар, ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарынын жетекчилери менен журналисттери кол коюшкан.

Ушундай эле билдирүүлөрдү бир катар эл аралык уюмдар, айрым депутат жана укук коргоочулар дагы айтып чыгышкан.

Тема боюнча: «Чек арасыз репортёрлор» уюму бийликти «Азаттыкты» куугунтуктоону токтотууга чакырды

Медиа уюмдар бийликтен «Азаттыктын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылдыБекешев: «Азаттык» жабыла турган болсо коррупцияны ашкерелеген башка ЖМК этияттап калат