Плагиатка айыпталгандан кийин УТРК логотибин кайрадан жаңылады

Улуттук телерадиокорпорациясы 13-февралда логотибин кайрадан жаңылады. Буга чейин журналисттер УТРКнын бир ай мурда жаңылаган логотиби ооган телеканалынан «уурдалганын» аныктап чыгышкан.

Жаңы логотипте 1 саны калтырылып, ага улуттук орнамент кошулган.

УТРКнын жаңы логотиби.

Улуттук телерадиокорпорациясы 14-январда соцтармактардагы логосун алмаштырган болчу. Буга чейин логотипте боз үйдүн сөлөкөтү болсо, ал 1 санына алмашкан. Анда «ПолитКлиниканын» журналисттери УТРКнын жаңы логотиби Ооганстандын 1TV каналынан «уурдалганын» аныкташкан.

Журналисттер логотипти плагиатка каршы текшерип көрүшкөн. Анын жыйынтыгында, ал Ооганстандын 1TV Kabul телеканалынын логотибинин дал өзү болуп чыккан — болгону кызыл түс көккө өзгөртүлгөн.

Мындан сырткары «ПолитКлиника» УТРКнын логотибиндеги толкун сымал абстракттуу фонду да интернеттен бекер көчүрүп алууга болорун аныктаган.

УТРКнын жаңы логосу жана ооган телеканалынын логосу.

2022-жылдын ноябрында улуттук телеканал логотипти өзгөртүү үчүн сынак жарыялаган. Анын жеңүүчүсүнө акчалай сыйлык берилери убадаланган болчу, бирок анын өлчөмү айтылган эмес.

УТРКнын өкүлү Чынар Капарова сынакка келип түшкөн эмгектер комиссия тарабынан жактырылбагандыктан логотипти иштеп чыгуу корпорациянын Дизайн жана эфир жасалгалоо студиясына тапшырылганын, мындан улам акча каражаты сарпталбаганын билдирген.

Ал телеканалдын эн белгиси эмне үчүн ооган телеканылыныкына окшошуп калганы териштирилерин жана логотип маселеси кайра караларын белгилеген.

Ал эми логотиптин автору Мелис Орозалиев дизайнды өзү чийгенин айтып, окшоштуктарга таң калганын билдирген.

Өлкөнүн башкы телеканалы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен «коомдуктан» «улуттукка» 2022-жылдын май айында өзгөргөн. УТРК мамлекеттик казынадан каржыланган телеканалдардын сап башында турат — 2007-жылдан тартып мамлекеттик маалымат каражаттарына бюджеттен 10,1 миллиард сом бөлүнгөн — анын 6,6 миллиард сому УТРКга туура келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өзүм чийгем». УТРКнын жаңы логотибинин автору анын плагиат экенин четке кагууда

Журналисттер УТРКнын жаңы логотиби Ооганстандын телеканалынан уурдалганын аныкташты

Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот