Абактагы активист Перизат Суранова ооруканага жаткырылды, ага операция жасалат

Абактагы активист Перизат Суранованы Чүй облустук ооруканасына дарылануу үчүн алып кетишти. Бул тууралуу 14-февралда укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

ЖАМКтан «Клоопко» маалыматты тастыкташып, абактагы активист ооруканага пландалган операция үчүн жаткырылганын белгилешти.

Буга чейин Суранова аны ооруканага которууну суранып бир нече жолу абактан кат жазган. Ал абакта жаткандарга тандалма мамиле болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, саясий себептен улам ТИЗО-1де жаткандар өзгөчө дискриминацияга кабылган.

Дарыгерлер мурда эле Сурановага тез арада операция жасатуу керек экенин билдиришкен. Ага «жатын миомасы» деген диагноз коюлуп, жыныс органында пайда болгон шишиктер жарылып кетсе, кан көп жоготуу коркунучу бар экени, бул өмүрүнө кооптуу экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова кайрадан ооруканага которууну өтүнүп абактан кат жазды

Касиет Мамырбай: Абактагы Перизат Сурановага тез арада операция жасалууга тийиш