Орусияда жаза өтөп жаткан кыргыз Украинадагы согушка кантип тартып кетип жатышканын айтып берди

Орусиянын абагында жаза өтөп жаткан кыргызстандык Migrant media басылмасына өзү отурган абактагы кишилерди Вагнер жеке аскердик компаниясы (ЧВК) кантип согушка азгырганын айтып берди. Абайдын (аты өзгөртүлдү) айтымында, компаниянын өкүлдөрү Украинадагы согушка киши тартуу максатында ал отурган колонияга бир нече жолу келишкен.

«Биринчи жолу өз каалоосу менен болгондорго келишти. Негизи бул жердеги кыргыздар ынтымактуубуз. Анан кетебиз дегендерди “кой барбагыла, үй-бүлөңөрдү ойлогула” деп алып калганбыз. Жазга жакын өтө чоң [жөнөтүү] болот экен. Ошол учурда [камактагыларды согушка ыктыярчылар деп жазып] мажбурлап алып кетет экен деген ушактар жүрүп жатат», — дейт Абай.

Абайдын айтымында, ал баңгизатка байланыштуу иштин айынан 10 жылга соттолгон, бир жылдан бери Кыргызстандын абагына которулуу аракетин көрүп, бирок майнап чыкпай жатат.

Дагы бир кыргызстандыктын апасы — Алымкан эже — уулу Орусияда 15 жылга эркинен ажыратылганын, бул иш да баңгизатка байланыштуу экенин айтып берген басылмага. Ал уулун курьер болуп иштеп жүргөндө кылмышка кириптер кылып коюшкан деп ишенет. Алымкан эже уулун Украинадагы согушка алып кетип калышы мүмкүн деп кооптонуп, аны Кыргызстанга котортуу аракетин көрүүдө.

ТИМдин маалыматына ылайык, азыркы учурда Орусиянын абактарында 1077 кыргызстандык бар.

ЧВК Вагнердин торуна түшкөн кыргызстандыктар тууралуу кеңири төмөнкү материалдардын окуңуз:

«МедиаХаб»: Орусияда абакта жаткан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү Украинадагы согуштан келди

«Азаттык»: «Абактагы балам согушта экен». «Вагнердин» торуна түшкөн кыргыз жарандары

«Азаттык»: Украинага «Вагнер» аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандыктын сөөгү келди

Укук коргоочу: Орус абактарынан Украинадагы согушка биринчи кезекте борбор азиялыктар тартылууда