Чаткал районунда калың жааган кардан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Тазалоо иштери. Сүрөт: Чаткал райондук администрациясы

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда калың жааган кардан улам коопсуздукту алдын алуу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу 19-февралда райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-февралдан баштап тынымсыз жааган кардан бир нече жерлерде кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

«Көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан жолду тазалоо иштери аяктаганга чейин райондогу азык-түлүктүн азайышына жана Каныш-Кыя, Чаткал, Терек-Сай айыл аймактарында тоолордон жүргөн кар көчкү кээ бир үйлөрдү жана мал сарайларды басып, кооптуулук жаратып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 18-февралда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жааган жаандын кесепетинен 10 турак үйдү жана 15 мал сарайды суу каптаган.

Ал эми 17-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында күндүн жылыганына байланыштуу арыктардан суу ташып, 17 турак үйдүн короосун каптаган. Аны менен катар, Ынтымак айылында 3 үй жабыркаган.

Учурда Боо-Терек айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мурдараак Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Фулл Голд Майнинг» алтын казуучу ишканасынын Иштамберди тилкесинде кар көчкү жүрүп, төрт адам анын алдында калган. Кийинчерээк баары куткарылып, медициналык жардам көрсөтүлгөнү кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Чоң-Алай районунда жаандан 10 турак үй жана 15 мал сарай жабыркады

Видео: Чаткалда калың кардан улам энергетиктер трансформаторлорго кыйынчылык менен жетүүдө

Жалал-Абад облусунда кар көчкүнүн алдында калган төрт адам куткарылды