7-апрелде курман болгондордун жакындары президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сындады

2010-жылдагы апрель революциясында курман болгондордун жакындарынын кызыкчылыгын коргогон «Баатырлар үмүтү» коомдук бирикмеси мурдагы президенттердин Курманбек Бакиев дагы катышкан Дубайдагы жолугуушусун сыңга алышты.

«Мындан 10 жылдан ашык убакыт мурун [Бакиев] аянттагы мекендештерин кырып салганда да анын колу солкулдаган эмес. Ал ошондо өз колу менен канча баланы атасыз калтырарын, канча бала атасыз төрөлөрүн, канча аялды жесир кыларын, канча эненин көз жашы төгүлөрүн ойлогон эмес, анан ошону унутууга мүмкүнбү?» — деп суроо салышты уюмдагылар.

Алар жолугушуу болгонун угуп, «жүрөктөрү сыздап, нааразы болушканын», президенттердин жолугушуусун аларды «терең маскаралоо» катары кабыл алышарын айтышты. Алар тарых Бакиевди «өз элинин канын тѳккѳн канкор» катары билерин, эгер Кыргызстанга кайтып келе турган болсо дароо кармалып, түрмѳгѳ түшүшү керектигин кошумчалашты.

Мындан тышкары, алар өлкөдөгү туруктуулук менен Бакиевди алып келүү — бул эки башка нерсе экенин айтышты. Алар сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров бозгун президенттин өлкөгө кайтып келишине жол бербесине үмүтартышарын билдиришти.

Дубайдагы жолугушуу

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогуткан. Жолугушууга бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Жапаров өзү саясатчыларды Кыргызстандын «ынтымагын бекемдөө үчүн» чогултканын айткан. Анын айтымында биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкен.Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусу өлкөдө кызуу талкууларга жем чачкан. Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн аракеттер көрүлүп башталды деген божомолдор айтылган. Бирок Жапаров өзү бул божомолдорду төгүндөп, Бакиев боюнча Бакиев боюнча соттун чечими бар экенин, эгер келе турган болсо жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.