Муфтият Ноокаттагы медреседе сабалган өспүрүм боюнча үн катты

21-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе өспүрүм баланын сабалганы боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта муфтияттын карамагында өспүрүм сабалган «Равза» аттуу медресе жок экени, ошондой эле окуя диний объектиде болбогону айтылат. Ошондой эле бул иш боюнча ички териштирүү жүрүп жатканын белгилешти.

Өткөн жылдын 9-декабрында милицияга Көк-Жар айыл аймагынын 12 жаштагы тургуну денесинен оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат келген.

Окуя Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле экспертизанын корутундусу баланын денесинен оор жаракат алганын көрсөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш 13 жаштагы эки бала жана 12 жаштагы бир бала тарабынан жасалганы жана алардын кыймыл-аракеттеринде кылмыштын курамы бар экени аныкталган.

Бирок алардын жаш курагы 14кө толбогонуна байланыштуу иш «жосунда кылмыш курамы болбогон» деген жүйөө менен өндүрүштөн кыскартылып, шектүүлөр атайын каттоого алынган.

Ошондой эле алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин «Ата-энелик милдеттерден качуу» кылмыш ишинин негизинде айып пул салынган.

Андан сырткары райондук бөлүмдөн окуя болуп өткөн «Рауза» атындагы медресенин уруксат кагаздары болбогонуна байланыштуу аны жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилгенин маалымдашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Медреседе 12 жаштагы баланы катуу сабагандарга карата кылмыш иши кыскартылды

Ош: Балдар үйүнүн кызматкери беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле көрсөткөнү айтылды

Ошто балдар үйүндө сабалганы айтылган 5 жашар кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды