Султанбаев: Жапаровдун мурдагы президенттерди чогултуу демилгеси натыйжа бере баштады

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун мурдагы президенттердин башын кошуп, аларды ынтымакка чакыруусу натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруса болчудай деп билдирди.

«Себеби өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат. Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Алдыдагы март айында мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө», — деп жазды Султанбаев Фейсбук барагында.

Ал дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге дагы кайрылып, аларды Кыргызстанга келип мейманканаларды салууга чакырды. Анын айтымында, мамлекет ал үчүн жерди бекер берет. Мындан тышкары, Султанбаев ишкерлерге бажы алымдарынан жеңилдиктер берилип, 3-5 жылга чейин салыктан бошотуларын айтты.

Кеңири маалымат алуу үчүн президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигине кайрылса болот.

  • Дареги: Бишкек, Раззаков көчүөсү 8/1;
  • телефондору: +996 312 623 844, +996 312 300 284;
  • Whatsapp: +996 550 819 595, +996 550 553 511;
  • эл. дарек: mail@invest.gov.kg.

Дубайдагы жолугушуу

Жапаровдун Султанбаев айтып жаткан мурдагы президенттер менен жолугушуусу 18-февралда Дубайда өткөн. Жолугушууга тактан кулатылган жана бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Жапаров өзү саясатчыларды Кыргызстандын «ынтымагын бекемдөө үчүн» чогултканын айткан. Анын айтымында биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкен. Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусу өлкөдө кызуу талкууларга жем чачып, Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн аракеттер көрүлүп башталды деген божомолдор айтылган. Мындан улам 20-февралда 2010-жылы апрель революциясында набыт болгондордун ата-энелери жана ошол окуялардын ардагерлери Бакиевин кайтып келүүсүнө каршы кайрылуу жасашкан.

Садыр Жапаров өзү мурдагы мамлекет башчылары менен Дубайдагы жолугушуусу тактан кулатылган Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү максатын көздөбөгөнүн билдирген. Ал Бакиев боюнча соттун чечими бар экенин, эгер келе турган болсо жоопкерчиликке тартыларын айткан.

Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

Тема боюнча: Бекешев: «Бакиевчилерди реабилитация кылуу аракети болуп жатат, бирок андай кыла алышпайт»