Таласта Айтматов району пайда болот. ЖК айыл-райондордун аталышын өзгөртүү мыйзамын колдоду

Талас облусунун Кара-Буура району кыргыз абадиятынын классиги Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен атала баштайт. Тийиштүү мыйзам долбоорун депутаттар парламенттин 22-февралдагы жыйынында үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мындан тышкары, мыйзам долбооруна ылайык, ошол эле райондогу Чимгент айылына Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы берилет. Ошондой эле Нарын облусунун Кош-Дөбө айыл аймагы 19 кылымдын ортосундагы саясий ишмер Ниязбек уулу Ормон хандын урматына Ормон хан айыл аймагы деп, ал эми Ош облусундагы Борбаш Кайрагач айылы болуп өзгөртүлөт.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Бул мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Өкмөттөн айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүү «Кыргызстандын түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктү тарыхый инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу» максатында жүргүзүлүп жатканын жана ал «улуттук идеологияны чыңдоого жана патриоттук духта тарбиялоону жакшыртууга» багытталганын белгилешти.

Бийлик буга чейин дагы өлкөнүн какттуу пунктарынын аталыштарын өзгөрткөн. Алсак, 2023-жылдын башында Баткен облусунда үч айыл округунун жана он айылдын аты алмаштырылган.

Башкы беттеги сүрөт: Kaktus.media.