Баткен облусундагы 13 айылдын аталышын өзгөрткөн мыйзам күчүнө кирди

Сүрөт: «Кактус Медиа»

1-январдан тарта Баткен облусундагы үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышын өзгөрткөн мыйзам күчүнө кирди. Аталган мыйзамга президент 16-ноябрда кол койгон.

Баткендеги 13 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2022-жылы 20-октябрда кабыл алган.

Аталыштарды өзгөртүү боюнча чечим айыл тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери менен бекемделген соң, Жогорку Кеңеш бекиткен.

Мыйзамга ылайык, Марказ айыл аймагы — Айрыбаз, Халмион айыл аймагы — Исхак-Полотхан, Маргун айыл аймагы — Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.

Андан сырткары 10 айылдын аталышы төмөндөгүдөй алмашты:

  • Марказ айылы — Айрыбаз;
  • Валакиш айылы — Тегирмеч;
  • Ноогардан айылы — Ак-Өргө;
  • Халмион айылы — Жеңиш;
  • Даргаз айылы — Кереге-Таш;
  • Дархум айылы — Жети-Таш;
  • Маргун айылы — Мурас;
  • Чурбек айылы — Үч-Булак;
  • Мурза-Патча айылы — Ак-Босого;
  • Коммуна айылы — Сары-Дөбө.

Буга чейин 2022-жылдын 18-мартында Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүлгөн. Мындай демилгени алгач өлкө башчысы Садыр Жапаров демилгелеген.

Ал аталган демилге Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын утурлай кабыл алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Тазабек Икрамов Баткенди Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштады

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөрдү