УКМК: Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан диний билим берүү борбору жабылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында аялдарды мыйзамсыз окуткан «Чолпонай» диний билим берүү борбору жабылды. Бул тууралуу 22-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбордо «Курандын» негиздери жана ислам укугу сабактары өтүлүп келген. Бирок, мугалимдердин диний жогорку билими жок экени белгилүү болду.

«Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү аялдар билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлчү экен», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний билим берүү борбору «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамды бузганы аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Ошондой эле 5500 сом айып салынды.

УКМКдан билим берүү борбору тургундарды экстремисттик жана террористтик аракеттерге тартууну алдын алуу ишинин алкагында аныкталганын кошумчалашты.

Буга чейин, 20-февралда Ноокат районундагы «Рауза» аталышындагы медреседе 12 жаштагы бала сабалганы белгилүү болгон. Анда баланы катуу сабаган үч өспүрүмгө карата кылмыш иши жашы жете электигине байланыштуу кыскартылганы кабарланган.

Ош облустук милициясынан медресенин уруксат кагазы жок экенин белгилеп, аны жабуу үчүн тиешелүү мекемелерге сунуш жөнөткөнүн билдиришкен. Ал эми муфтияттан карамагында «Рауза» аттуу медресе жок экени, ошондой эле окуя диний объектиде болбогонун билдиришкен.

Автору: Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Медреседе 12 жаштагы баланы катуу сабагандарга карата кылмыш иши кыскартылды

Муфтият Ноокаттагы медреседе сабалган өспүрүм боюнча үн катты