Режиссёр Гүзел Дүйшөнкулованын «Келин таш» тасмасы Лос-Анжелестеги сынакта мыкты аталды

«Келин таш» даректүү тасмасынан көз ирмем

Кинорежиссёр Гүзел Дүйшөнкулованын «Келин таш» даректүү тасмасы Лос-Анджелестеги аял режиссёрлордун көзкарандысыз кинофестивалында эки номинацияда мыкты деп табылды. Бул тууралуу «Кинематографты өнүктүрүү фондунун» расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, режиссёрдун аталган эмгеги «Мыкты көркөм кыска метраждуу тасма» жана «Мыкты аял режиссёр» номинацияларын жеңип алды.

Чыгармада негизинен эркиндикке умтулган кыз-келиндердин турмушу көрсөтүлгөн.

Тасма жазуучу Топчүгүл Шайдуллаеванын ушул эле аталыштагы аңгемесинин негизинде «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен тартылган.

Лос-Анжелесте өтүүчү аялдардын тасмасынын сыйлыгына тандоо ар эки айда бир жолу өткөрүлөт. Аталган сынакта бардык жанрдагы эл аралык жана америкалык тасмалар жана сценарийлер сыйланат.

Аялдарга арналган фестивалга алардын ой-пикири, тагдыры, жашоо шарты жана көз караштарын чагылдырган темалар менен катышууга болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» фильми «Евразия» кинофестивалынын баш байгесин жеңди

«Көчөдөн адамзат трагедиясына». Режиссёр Геннадий Базаровдун тасмаларына сапар