Бишкек: Милиция эки аял «Ихсандын» кеңсесин өрттөөгө аракет кылганын билдирди

«Ихсан» кооперативине акча салып, ала албай калган эки аял 24-февралда компаниянын кеңсесин өрттөөгө аракет кылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, кеңсеге бензин куюлган канистр менен келген эки аялга кароолчу тоскоол болуп калган. Натыйжада алар терезенин текчесин жана отургучтарды гана өрттөшкөн, аны кеңседеги кызматкерлер дароо өчүргөн.

Милициядан «Ихсандын» кызматкерлери бул боюнча арыз жазуудан баш тартышканын белгилешти. Бирок бул факты милицияга каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды.

«Ихсан» кооперативи

Өткөн жылдын март айынан баштап өлкөнүн бардын аймактарынан «Ихсан» кооперативинин үстүнөн арыздар түшө баштаган. Тургундар аталган кооперативге акчаларын салып, бирок убадаланган мүлктү албаганына даттанышкан. Ал эми «Ихсандын» мүчөлүгүнөн чыккан тургундар акчаларын кайтарып ала алган эмес.

Жалпысынан келтирилген зыян 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. «Ихсан» кооперативи бул сумманын ордун толтурган эмес.

Мындан улам ИИМ кооперативдин үстүнөн «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми кооперативдин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 11-июлда кармалган, учурда ал абакта.

ИИМден аталган кооперативде каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтышып, кыргызстандыктарды ага кошулуудан карманууга чакырышты. Ошондой эле кооперативге салынган акчалар кайтарылбашы мүмкүн экенин эскертишти.

Буга чейин аталган кооперативге нааразы болгон тургундар бир нече жолу митингге чыгышкан. Убадаланган мүлктү ала албаган кооператив мүчөлөрү акчаларын кайтарууну талап кылышкан. Ошондой эле бийликтен бул ишти көзөмөлгө алууну суранышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалды

«Ташиев көңүл бур». Ошто «Ихсан» кооперативине нааразы болгондор митингге чыгышты