«Ташиев көңүл бур». Ошто «Ихсан» кооперативине нааразы болгондор митингге чыгышты

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Ош шаарынын борбордук аянтында 6-июнь күнү «Ихсан» турак жай кооперативине каршы 20 кишинин катышуусунда тынчтык митинги өттү. Алар бийликтен кооперативди көзөмөлгө алууну талап кылышты.

Чогулгандар компаниядан «же убадаланган үйдү же жок дегенде салган акчасын кайра кайтарып ала албай жатканын» айтышат.

«Президентке кайрылат элем, буларга чара көрүлсүн! Биз бир бөлмөлүү үйүбүздү чоңойтолу деп сатып, акчасын “Ихсанга” берип, өзүбүз мынтип көчөдө калдык. Биз азыр батирге ижара акысын төлөп, чыгымга учурадык. Ошолордун акчасын бизге ким төлөп берет?! Эгер элдин көйгөйүн чечип бере алышпаса анда үйлөрдүн баары сатылсын! Элдин акчасын берсин!» — деди митингге чыккандардын бири.

Дагы бир катышуучу беш баласы бар экенин айтып, аргасыздан аларды таштап митингге катышууга аргасыз болуп жатканыны айтты.

«Он күндүн ичинде биздин акчабызды кайтарып берсин, ошол эле! Үйлөрүн сатсын! Менин беш балам бар, күндө баламды үйгө таштап ушул жерге каттай берип тажадым», — деди аял.

Митингдин катышуучулары «Ихсан эл көчөдө калды», «Ташиев көңүл бур», «Акинай элдин акчасын кайтар», «Ихсан кесме-завод», «Токтот, Ихсан элди алдаба» деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Тынчтык митингинде модераторлук кылган жарандык активисттер кооперативге тиешелүү органдар чара көрбөй жатканын белгилеп, сынга алышты. Алар укук коргоо органдарын жана жергиликтүү администрацияны элдин үнүн угууга чакырды.

«Азыр үй-бүлөлөрдүн абалы кандай? Күйөөсү аялы менен урушат, аялын кууп чыгат. Өзүн өрттөгөнөр да болгон, өлтүргөндөр да бар. Азыр милицияга бул боюнча канчалаган арыз түшүп жатат. Бирок бийлик буларга эмнеге көңүл бурбайт?! Азыр мен билгенден 100дөн ашык арыз түшүп, бирок маселе чечилбей келет. Эмне үчүн келип түшкөн арыздар каралбай жатат? “Ихсанды” ким коргоп жатат?!» — деп суроо салды юрист Анарбек Катаганов.

Чогулгандар «10 күн ичинде кооперативге чара көрүлбөй турган болсо, жети облустан адамдар чогулуп, Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасайбыз» деп билдиришти.

«Ихсандын» өкүлдөрү эмне дейт?

7-июнда «Клооптун» журналисттери аталган кооперативдин Оштогу кеңсесине барышты. Анда «Ихсандын» өкүлдөрү учурда «жетекчилик Бишкек шаарында» деп айтышып, 9-июнда комментарий берүүнү убадалашты.

Буга чейин «Ихсан» кооперативинин негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева кооперативде «кооптоно турчу маселе жок экенин» белгилеп, «бардык кеңселерде кардарларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын» билдирген.

Ошондой эле Бекмурзаева кооперативдин ишмердүүлүгү уланып жатканын, кардарлардын баары эле нааразы болбогонун айткан.

Ал кардарларга үй «кезек менен берилип жатканын» кошумчалап, кезекти көзөмөлдөгөн атайын комиссия түзүлгөнүн белгилеген.

«Учурда эки тараптуу комиссия түзүлгөн. Кезекти, үй алып жаткан кишилердин тизмесин көзөмөлдөп жатышат. Экинчи комиссия мүчөлөрү “каражатыбызды кайтарып алабыз” дегендердин тизмесин түзүп алып, көзөмөлдөп, байкап, кайтарылган сумманын чектерин кезек менен берилүүсүн көзөмөлдөп жатышат», — деген ал.

Апрелдин башында Бишкекте «Ихсан» кооперативинин бир катар мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар үй алууга акча берип бирок албай калганын айтып, акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышкан.

Ал эми Ички иштер министрлиги аталган кооперативге 2021-жылы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мындан сырткары Ош жана Бишкек шаарларында бир нече кооперативдерге карата ушул берене менен иш козголгон. Алардын арасында S-Line, «Ак-Үй КейДжи» жана «Биринчи турак жай кооперативдери» бар.

Тема боюнча:

ИИМ «Ихсан» турак жай кооперативине кылмыш ишин козгоду

Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты

Бишкекте «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды