Бир кадр менен: Минкабдын төрагасы Баткендеги жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды

Унааларды тапшыруу учуру. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу 25-февралда минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы унаага Баткендин Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарынын башчылары ээ болду. Жапаров кызматтык унааларга GPS системасы орнотулганын жана алар көзөмөлдө болорун эскертти.

«Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер», — деди ал.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар өлкө боюнча жаңыланып жатканын билдирди.

«Мурдагы эски техникалардын айрымдарын пайдалануу мүмкүн болбой калган. Колдонууга кеткен каражатка караганда оңдоого кеткен чыгым көп болчу», — деди ал.

Ошол себептен Президентинин иш башкармалыгы район жана алыскы аймактар үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 унаа сатып алган.

Өткөн жылдын март айында Финансы министрлиги мамлекеттик мекемелерге жана окуу жайларга имараттарды оңдоого жана кызматтык унаа сатып алууга тыюу салган. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча жарлыгынын негизинде киргизилгени айтылган. Бирок тыюу канча убакытка созулары белгиленген эмес.

Жарлыкта өлкө башчысы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан «бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат» деп белгилеген.

«Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоо механизмдеринин төмөнкү натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга, кем чыгууларга жана уурдоолорго алып келет», — деп айтылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бюджеттик акчага имараттарды оңдоого жана кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды