«Кан аралаш заара кылып жатам». Абактагы Илгиз Шаменов дарыланууга муктаж экенин билдирди

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта жаткан активист Илгиз Шаменов ден соолугу «кескин» начарлап кеткенин билдирди. Ал 25-февралда фейсбук барагына дарыланууга муктаж экенин жазды.

Активист Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Юстиция министри Аяз Баетовго, ЖАКтын башчысы Аскат Эгембердиевге, акыйкатчы Атыр Абдрахматовага жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековго кайрылды.

Шаменов 120 күндөн бери шарты жок абакта отурганын белгиледи. Анын айтымында, кант диабети болуп, бөйрөктөрү ооруп, кан аралаш заара кылып жатат.

«Жеке диагностикалык клиникага анализ тапшырып, жыйынтыгында токтоосуз дарыланууга муктаж экенимди айтышты. Бирок тилекке каршы, ТИЗО-1ге жаңы келген Азамат деген санитардык бөлүмдүн башчысы жана ЖАКтын мед тармагы дарылануума бут тосуп жатышат», — деди ал.

Активист Азамат деген киши «каякта жүргөнүңдү унутпа, дарыланууга чыгарбайм» деп коркутканын айтты. Ал абакта «ден соолугу жакшы адам да ооруп калышы мүмкүн» экенин кошумчалады.

Шаменов ТИЗО-1де адискөй, компетенттүү дарыгерлер жок деп эсептейт. Ошол себептен ал өзү ишенген, өзү дарыланып жүргөн ооруканага которулууга укуктуу экенин билдирди.

«Биз Кемпир-Абад берилбесин деген сөзүбүз үчүн камалганыбыз аз келгенсип, дарыланууга дагы укугубуз жокпу? Же Кыргызстандын түбүнө жеткен Акаев, Бакиевдерден дагы кооптуубузбу? Биз адам өлтүрүп, же болбосо мамлекетти тоноп, казынага кол салдыкпы? Мен муну адамкерчиликсиз мамиле деп баалайм», — деп нааразы болду активист.

Шаменов буга чейин да абакта коркутуулар болуп жатканын айтып ТИЗО-1ден кат жазган. Ал отурган камерага өз энесине 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психикалык жактан жабыркаган кишини киргизип коюшканын белгилеген.

Кемпир-Абад иши

Илгиз Шаменов октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активисттер менен бирге кармаган.

ИИМден алар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиришкен. Кармалгандар күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, 15-февралда көпчүлүгүнүн баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Ал эми бир нече активист үй камагында калтырылып, айрымдары ооруканага жаткырылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анда эки өлкөнүн президенти Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!