Өскөмбаева: Медициналык камсыздандыруудан өтпөгөндөргө айып пул салынбайт

Медициналык камсыздандыруудан өтпөгөндөргө айып пул салынбайт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева 25-февралда билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруудан өтпөгөндөр дагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин жардамын ала алышат жана аларга мамлекет тарабынан медициналык тез жардам кепилденет.

Өскөмбаева ал эми камсыздандыруу полиси барлар медициналык кызматтарды бекер ала алышарын же жалпы сумманын бир бөлүгүн гана төлөшөрүн белгиледи.

«Башкача айтканда, камсыздандыруудан өткөндөн киши үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, медициналык кызматтарды – анализдерди, лабораториялык анализдерди бекер тапшыра алат. Мындан тышкары, камсыздандырылган жарандар дарыгердин рецеби боюнча 50%га чейин арзандатуу менен дары сатып ала алышат», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңеш жашы 16дан жогору кыргызстандыктарды жана бардык чет өлкөлүктөрдү милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган.

Медициналык камсыздандыруунун баасы 2023-жылы кыргызстандыктар үчүн жылына 1700 сомдон бир аз көбүрөөк болот. Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн бир жылдык медициналык камсыздандыруунун баасы 18 миң сомдон ашат.

Мыйзам боюнча, милдеттүү медициналык камсыздандырууну полиси эмгек келишими менен иштегендерге, пенсионерлерлерге жана расмий эч жерде иштебегендерге гана берилет. Бирок аны кааласа башка адамдар дагы алса болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жашы 16дан жогоруларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу. Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү