Курманбек Бакиев: 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларында менин күнөөм жок

Бозгун президент Курманбек Бакиев 27-февралда NazarNews’ка маек курду. Анда ал 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларында «менин күнөөм жок» деп айтты.

«2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам», — деди Бакиев.

Ошондой эле ал интервьюсунда Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди чогултканын колдорун айтты. Бакиев «бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт» деп эсептейт.

«Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт», — деди ал.

Дубайдагы жолугушуу

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогуткан. Жолугушууга бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Жапаров өзү саясатчыларды Кыргызстандын «ынтымагын бекемдөө үчүн» чогултканын айткан. Анын айтымында биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкен.

Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусу өлкөдө кызуу талкууларга жем чачкан.

Ошондой эле Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн аракеттер көрүлүп башталды деген божомолдор айтылган. Бирок Жапаров өзү бул божомолдорду төгүндөп, Бакиев боюнча соттун чечими бар экенин, эгер келе турган болсо жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Сот Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

Кыргыз бийлигинин аны өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

7-апрелде курман болгондордун жакындары президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сындады

Жапаров: Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз