Жапаровдун шайлоо штабын жетектеген Тургунбеков мамлекеттик мүлк фондуна төрага болду

Президент Садыр Жапаровдун шайлоодогу штабын жетектеген Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу 27-февралда минкабдан билдиришти.

Ал эми аталган фондду дээрлик эки жылдан бери башкарган Мирлан Бакиров кызматынан бошотулду.

53 жаштагы Канатбек Тургунбеков буга чейин Финчалгын кызматын жетектеген. Ал президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабын, ал эми 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын штабын жетектеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаровдун шайлоо штабын жетектеген Тургунбеков финчалгындоого кайра жетекчи болду

«Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров мүлк фондун жетектейт