Бишкекте Айзада Канатбекова тууралуу «Дагы ким?» деп аталган даректүү тасмасынын бет ачары болду

27-февралда Бишкекте Айзада Канатбекова тууралуу «Дагы ким?» деген аталыштагы даректүү тасманын бет ачары болду. Тасмада 2021-жылы апрель айында мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдап кетип, кийин муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова тууралуу баяндалат.

Тасманы режиссёрлор Нуржамал Карамолдоева менен Султан Усубалиев тарткан. Фильм жакын арада эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлө баштайт.

«Тилекке каршы, өлкөдө аялдарга карата кылмыштар күн сайын өсүп жатат. Аны фемицид деп коёт. Мен бул өңдүү кылмыштар конкреттүү бир аялга карата эле багытталат дегенден алысмын. Ал үй-бүлөгө, укум-тукумга, улутка каршы багытталган. Ошондуктан ар бириңер «Дагы ким?» деген суроону бергенден мурда өзүңөр болуп калышыңар мүмкүн экенин түшүнүшүңөр керек», — деди Карамолдоева.Учурда Айзаданын үй-бүлөсү аны издөөдө шалаакылык кылган милиционерлер мыйзам чегинде жоопко тартылышы үчүн күрөшүп жатат. Бул иш кыз уурдалып өлтүрүлгөндөн кийин козголгон, бирок тергөө азыркыга чейин аяктай элек.

«Дагы бир жолу айтам, бул баарына сабак болушу керек. Мындай дагы кайталанбашы үчүн. Айзададан кийин эми мындай болбосун деп үмүттөнөм. Үмүтүм эле ушул. Милиция жакшы иштесе экен дейм. Эртеби-кечпи сот адилеттүү болот деп ишенем», — деп билдирди маркум Айзаданын таежеси Бактыгүл Шакенова.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган. 7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын да кыйган деп билдирген. Кийин, Теңизбаев Канатбекованы өлтүрөр алдында зордуктаганы аныкталаган.

Кыз киши колдуу болгондон кийин милиция Канатбекованы уурдоого катышкандарды кармаган. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган.

Тема боюнча окуңуз: «Апа» деп кыйкырды!