Сузакта 8-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапты, шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылында 8-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапты. Бул тууралуу 2-мартта «Клоопко» облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Сузак РИИБге 1-март саат 16:30 чамасында жергиликтүү тургун чалып, Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев мектебинде окуган 15 жашар инисин сырттан тааныш болгон балдар уруп, качып кетишкенин айткан. Бала аймактык ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө ошол эле мектептин 10-классынын 4 окуучусу, 9-класстын 4 окуучусун жана 8-класстын 1 окуучусун эски мектептин имаратына алып кирип зордук көрсөткөнү белгилүү болгон.

«Шектүүлөр “эмнеге түнү көчөгө чыкпай жатасыңар” деп уруп жатканда өспүрүм келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгон», — деп билдиришти милициядан.

Учурда «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 2006 жана 2007-жылы туулган өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Соттук-медэкспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.

Өткөн жылдын 9-декабрында Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагындагы медреседе окуган 12 жаштагы бала денесинен оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуя Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле экспертизанын корутундусу баланын денесинен оор жаракат алганын көрсөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш 13 жаштагы эки бала жана 12 жаштагы бир бала тарабынан жасалганы жана алардын кыймыл-аракеттеринде кылмыштын курамы бар экени аныкталган.

Бирок алардын жаш курагы 14кө толбогонуна байланыштуу иш «жосунда кылмыш курамы болбогон» деген жүйөө менен өндүрүштөн кыскартылып, шектүүлөр атайын каттоого алынган жана ата-энелерине айып пул салынган.

Бул боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирүү таратып, муфтияттын карамагында өспүрүм сабалган медресе жок экени, ошондой эле окуя диний объектиде болбогону айтылган. Ошондой эле бул иш боюнча ички териштирүү жүрүп жатканын белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөндө мушташтан качып бараткан 14 жашар өспүрүм жардан кулап каза тапты

Өзгөн: Кесиптик лицейдин студенттери уруша кетип, 16 жаштагы бала каза болду