«Туура эмес укол сайышкан». Токтогулда колу кесилген эки айлык ымыркайдын ишин милиция текшере баштады

Сүрөт: Баяна Кулова

Токтогул районунун тургуну аймактык ооруканада эки айлык уулуна туура эмес укол сайылып, колу чыканактан ылдый ампутацияланганын айтып чыкты. Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана Саламаттык сактоо министрлиги «Клоопко» аталган окуя боюнча текшерүү иштери башталганын билдиришти.

Эмне болду?

Жабырлануучунун атасы Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну Анарбек Уланбек уулу «Клоопко» маек берип, уулу сары оорудан жабыркап 2-февралда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жатып калганын билдирди.

Ал дарыгерлер уколду уулунун колундагы тамырына эмес, терисинин астына сайып салышкан деп эсептейт. Анын айтымында, мунун кесепетинен уулунун колу чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болууга аргасыз болду.

«13-февралда эртең менен Жалдагы ооруканага келгенбиз. Райондук ооруканадан сары оорусу деп сүйлөшүлгөн экен, бирок бала Бишкекке келип колунан улам кайра реанимацияга түшүп калды. Дарыгерлер “колу дарыдан күйүп калыптыр” деп айтышты. Андан көп өтпөй 19-февралда колун кесишти. Бул жакка сары оорусу менен келген бала колунан [айрылып] жатат», — деп билдирди ал.

Ошондой эле ал, учурда Токтогул райондук оорукананын дарыгерлери жоопкерчилик албай жатышканына нааразы экенин белгилеп, алардын компенсация төлөп бериши керектигин жана жумуштан бошотулушун талап кылаарын айтты.

«Эч нерсе дей албай калдык. Токтогулдун дарыгерлери эч нерсе деп жазышпайт, чалышпайт. Сотко берсек, “биз адвокат жалдап алдык, акчасын төлөп койдук, ал жерден жөн эле кутулуп чыгып кетебиз” деп адамды кайра кыжырлантып жатышат. Эми алардын күнөөсү бар да, алар дарылап, алар [укол] сайып атат. Эгер аларда жоопкерчилик болсо өзүлөрү эле сотко келип, “ушундай болгон, биз ката кетирип алыптырбыз” деп айтса болот да, кайра кыйынсынышпай. Малды дарылагандай эле дарылай беришет экен», — деди Анарбек Уланбек уулу.

Милиция эмне дейт?

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» Анарбек Уланбек уулу райондук прокуратурага оорукананын дарыгерлерине карата үстүбүздөгү жылы 24-февралда арыз менен кайрылганын билдиришти.

Аталган иш Токтогул РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар болгон Токтогул райондук оорукананын дарыгерлери жана медайымдары күбө катары суралып, бейтаптын баяны алынган.

Ошондой эле топтолгон материалдар 6-март күнү Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы соттук-медициналык экспертиза борборуна жиберилип, соттук-комиссиялык экспертиза дайындалды. Учурда бул факты боюнча Токтогул РИИБи текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдиришти. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.

Ал эми Токтогул райондук ооруканын администрациясы «Клоопко» териштирүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Чарчап калган наристелердин апалары инфекция төрөт үйүнөн жуккан деп эсептейт

Ысык-Көл: Төрөтканада 6 ымыркай чарчап калган окуядан улам оорукананын жетекчиси кызматтан алынды