Кемпир-Абад иши: Активист Перизат Суранова ооруканадан чыкты

Кемпир-Абад ишинин фигуранты Перизат Суранова операциядан кийин ооруканадан чыкты. Азыркы тапта ал үйүндө, бул тууралуу анын адвокаты Жанышбек Бараковго таянып «Азаттык» жазды.

Соттун чечимине ылайык, Суранова 20-апрелге чейин үй камагында болот.

Активист Чүй облустук ооруканасына ТИЗО-1ден которулган. Ага чейин ал ооруканага которууну суранып, абактан бир нече ирет кат жазган. Сурановага «жатын миомасы» деген диагноз коюлуп, жыныс органында пайда болгон шишиктер жарылып кетсе, кан көп жоготуу болуп, өмүрүнө коркунуч туулуп калары айтылган.

Сурановадан тышкары Кемпир-Абад ишинин башка да фигуранттары ооруканага которулган. Алар да дагы ооруканага бир нече ай ТИЗОдо отурганан кийин ооруканага түшкөн. Алсак, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова, оппозициянер Равшан Жээнбеков жана экс-депутат Орозайым Нарматова да ооруканада дарыланып жатышат.

Перизат Суранова октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн башка активист, саясатчылар менен бирге кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан. Алардын айрымдарына карата башка дагы кылмыш иштери козголгон.

Кармалгандардын көпчүлүгү Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.

Ал эми кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга карата иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, мындан улам бардык сот отурумдары иштин фигуранттарынын туугандарынын, журналисттердин жана байкоочулардын катышуусуз жабык тартипте өтүп турат.

Анткен менен президент Садыр Жапаров саясий оппонеттерине карата басым жоктугун айтып келет. Анын айтымында, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн». Мындан тышкары, президент бул иш боюнча соттун ишине эч ким кийлигишпегенин билдирген.