Жалал-Абад: Ташиевдин баласы 8-мартка карата 600гө жакын баатыр энени сыйлады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаарында «Баатыр энелерди сыйлоо» майрамдык иш-чарасын өткөрдү. Бул жөнүндө Ташиевге караштуу «Регион ТВнын» башчысы Өткүрбек Рахманов фейсбук барагында билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган салтанатка аймактардан 600гө жакын аял келген. Иш-чарага Ташиев өзү, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышкан.

Баатыр энелерге сый-тамак тартылып, жылдыздардын аткаруусунда обондуу ырлар жаңырып, каалоо тилектер айтылган.

«Тай-Мурас Ташиев атасы сыяктуу бул салтантатты жыл сайын уюштуруп, энелерге сый-урмат көрсөтүү салтын татыктуу улантаарын белгилеп, апаларды куттуктады», — деп билдирди Өткүрбек Рахманов.

Ташиев өткөн жылдын 8-мартына карата да бул иш-чараны эки ресторанда 1000ге чукул баатыр эненин катышуусунда өткөргөн. Анда ал кийинки жылдан баштап иш-чараны уулдары өткөрө турганын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 8-мартка карата 1000ге чукул баатыр энени ресторанда сыйлады

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду