Бир кадр менен: Кемпир-Абад иши боюнча отурумга Мадеминовдун кызы киргизилген жок

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Таалайбек Мадеминовдун баш коргоо чарасы каралган сот отурумуна кызы киргизилген жок. Бул тууралуу 10-мартта укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Сүрөт: Гүлшайыр Абдирасулова

«Таалайбек Мадеминовдун кызын залга киргизбей, атасы менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Ал эшиктин алдында ыйлап турат. Ал эми активист кант диабетинин экинчи түрү менен ооруйт, дайыма ийне алат. Камактагылардын балдарына жок дегенде сот залында ата-энелери менен жолугуусуна мүмкүнчүлүк бергиле, бул эмне деген мыкаачылык», — деп жазды укук коргоочу.

Бишкек шаардык сотундагы отурум жабык өттү. Анткени январдын аягында ИИМ бул ишке жашыруун гриф койгон. Соттук коллегия Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган, ага ылайык, Мадеминов ТИЗО-1де 20-апрелге чейин калтырылды. Адвокаты активист ооруп жатканын айтууда.

Активист Таалайбек Мадемиов Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин ТИЗО-1де кармалгандардын бири. Ал кармалгандан бир күн мурун Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчөсү болгон.

Кененирээк окуңуз: Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!