Акылбек Жапаров: Акыркы 10-20 жылда салынган үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун изилдөө боюнча комиссия түзүлдү

Бишкек шаарынын дрондон тартылган көрүнүшү. Сүрөт: Акылбек Батырбеков / Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда акыркы 10-20 жылда салынган үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун изилдөө боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 10-мартта Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Мир» телеканалына берген маегинде айтты.

Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылы февраль айында Түркия жана Сириядагы миңдеген адамдардын өмүрүн алган жер титирөө Кыргызстандын бийлигин курулуш тармагына көңүлүн бурганын белгиледи.

«Тилекке каршы, биз 30 жылдан бери Кыргызстандагы демократиянын түзүлүшү менен алек болдук. Алтыга жакын президент, 33 өкмөт дегендей, бул тармактардын баарын карап чыкканы убакыт болгон эмес. Бирок биздин куруучулар азаматтар, алар совет доорундагы курулуш нормаларын карманышты. Анан дагы бизде инженерлер, көзөмөл органдары бар», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле ал, азыркы күндө курулуштардын сапатын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн айтты. Анда акыркы 10-20 жылда курулган бардык жаңы үйлөр «тереңирээк изилдөөгө алынат».

Буга чейин Сейсмологиялык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Камчыбек Кенжетаев «бир эле көп кабаттуу үйдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү үчүн 200-300 миң сомго жакын каражат керектелерин» айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстанда салынган көп кабаттуу үйлөр боюнча «“Кудай өзүң сакта” деп жашагандан башка арга жок» деген. Аны менен катар ал, бийлик 2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү курууну көзөмөлдөө механизмдерин иретке салып жатканын дагы кошумчалаган.

6-февралда Түркия жана Сирияда эки жолу катуу жер титиреген. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө 50 миң адамдан ашып, дагы жүз миңдеген адам жабыркаган. Зилзаладан улам миңдеген имарат толугу менен кыйрап калган.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Түркиядагы өкүлү Луиза Винтондун айтымында, Түркияда февраль айындагы жер титирөөлөрдүн экономикага алып келген зыяны 100 млрд долларды түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Башаламан курулуштар болбойт, жаңы үйлөрдүн сапаты мамкөзөмөлгө алынды

Бир эле үйдүн туруктуулугун текшерүүгө 200-300 миң сом керектелет — Курулуш институтунун директору