Акылбек Жапаров: Бийлик кыргыз тилин колдоп, бирок орус тилине зыян келтирбеши керек

Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кыргыз бийлиги кыргыз тилине колдоо көрсөтүп, бирок орус тилине зыян келтирбеши керектигин айтты. Бул тууралуу Жапаров 10-мартта «Мир» телеканалына берген маегинде билдирди.


«Маалымат инфраструктурасы негизинен Советтер Союзунун убагындагыдай сакталып келе жатат. Бүгүнкү күндө биз «Алисаны» [орусиялык Яндекс компаниясынын үн жардамчысы] кыргызча сүйлөтүүнү ойлоп жатабыз. [...] Биз мамлекеттик тилдерге орус тилине зыян келтирбестен колдоо көрсөтүшүбүз керек», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.


Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда билим берүү жарандардын кыргыз, орус, англис тилдерин жана «интернет тилин» үйрөтүүгө багытталган. Ошондай эле ал, кыргыз тилин билиш керек экенин, өзгөчө аткаминерлер билүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Кыргызстанда орус тилинен расмий тил катары баш тартуу маселеси маал-маалы менен талкууланып турат. Жада калса парламентте орус тилдүү чиновниктердин баяндамасын укпай койгон учурлар катталган.

Анткен менен президент Садыр Жапаров буга чейин орус тили өлкөнүн расмий тили бойдон кала берерин, анткени Орусиясыз Кыргызстан үчүн абал «оор болорун» айткан.

Андан сырткары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өткөн жылы 25-ноябрда Бишкекте өткөрүлгөн Элдик курултайда мамлекеттик тилди ар бир кыргыз жараны билиши керек экенин баса белгилеп, борбор калаадагы райондордун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштаган.

Дагы окуңуз: Эне тилби же келечекпи: Эмне үчүн Кыргызстанда мектептер кыргызча да, орусча да начар окутат?

ТЕМА БОЮНЧА:

Шакиев: Бишкектеги райондордун аталыштарын тез арада кыргызчалашыбыз керек