Америкалык экономисттердин Why Nations Fail китеби кыргыз тилинде басылып чыкты

Америкалык экономист Дарон Ажемоглу жана Жеймс Алан Робинсондун Why Nations Fail китеби «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?» деген аталыш менен кыргызча басылып чыкты. Бул тууралуу «Бугупресс» басма үйү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган китептин бет ачары 14-март күнү саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында өткөрүлөт. Иш-чарага китептин авторлорунун бири экономист Жеймс Алан Робинсондун катышышы күтүлүүдө.

Иш-чарага катышуу акысыз, бирок адегенде бул шилтеме аркылуу катталуу керек.

New York Times жана The Wall Street Journal басылмалары тарабынан бестселлер деп табылган китепти кыргыз тилине түркология илимдеринин доктору Мирланбек Нурматов которгон. Ал эми «Бугупресс» басма үйү автордук укугун алып, басып чыгарды.

Китепте авторлор өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн жана өнүкпөшүнүн негизги себептерин изилдешкен. Анда ар бир ой тарыхый жана учурдагы мисалдар, иллюстрациялар менен коштолгон.

Мисалы, авторлор китепте жанаша жайгашкан, бирок эки башка жолдо бара жаткан Түндүк жана Түштүк Кореянын, Ботсвана менен Зимбабвенин жана башка мамлекеттердин жагдайларына кайрылуу менен талдоо жүргүзүшкөн. Эмгектеги ишенимдүү аргументтер аны дүйнөлүк бестселлерге айлантууга өбөлгө түздү.

Why Nations Fail китеби адегенде 2012-жылы басылып чыгып, 2016-жылы «Почему одни страны богатые, а другие бедные» деген аталыш менен орус тилинде жарык көргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жорж Оруэллдин «1984» романы кыргыз тилине которулду

2022-жылы чет тилинен кыргызчага которулуп, жарык көргөн 10 китеп