Президент Жапаров Нарындын аэропортун 2024-жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров «Нарын» аэропортун 2024-жылдын аягына чейин ишке киргизүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу 11-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Нарындагы аэропортту реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, аэропорттун аэробекетинин жаңы имаратынын курулуш иштери «аяктоо алдында турганына» күбө болду.

«Манас» эл аралык аэропорту ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалып жатканын айтты.

Ошондой эле Самидинов жүргүнчү болбогонуна байланыштуу аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турганын кошумчалады.

Аэропорттун имараты 1964-жылы пайдаланууга берилип, туура 10 жылдан кийин учуу тилкеси, такси жолдору жана перрон курулуп бүткөн.

Аны менен катар учурда Жалал-Абаддагы «Казарман» аэропорту оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканы белгиленди. Ал үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында аяктап, колдонууга берилет. Аэробекет саатына 40-50 жүргүнчүнү өткөрө алат.

Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна өткөн жылы 7-майда капсула салган. Ал эми быйыл 9-январда аэропорт 2023-жылдын июнь айында ишке берилерин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күндүн буюрсасы: Садыр Жапаров Караколдогу жаңы аэропорт июнда ачыларына ишенет

Садыр Жапаров капсула салып жаткан объектилердин баары бүткөрүлөт деп ишендирди