Энергетика министрлиги электр тарифин жогорулатуу боюнча пост жазып, кийин өчүрүп койду

Энергетика министрлиги 15-март күнү кечинде Фейсбукта электр энергиясы үчүн тарифтерди үч эсе жогорулатуу сунушу менен пост жарыялады.

Анда калк үчүн бир киловатт/саат 0,77 сомду түзөрү, бул өзүнүн баасынан 3,1 эсе аз экени айтылган.

«Электр энергиясынын реалдуу наркына [2,31 сом] өтүшүбүз керек», — деп айтылган постто.

Бирок бир нече убакыттан кийин Энергетика министрлигинин барагынан бул пост өчүрүлдү. Билдирүү өчүп калганын жалпыга маалымдоо каражаттары байкап калышты.

Энергетика министрлиги азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Мурдараак министрлик электр энергиясынын 1 киловатт/саатына тарифтерди 1 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Учурда калк бир киловатт/саат үчүн 0,77 сом төлөйт. Ошол эле учурда керектөө чеги 700 килловат/сааттан ашканда электр жарыгынын баасы 2,16 сомго көтөрүлөт.

Токтомдо энергетика министрлиги өлкөдө эки баскычтуу, айына 1,5 миң киловатка чейин керектөөдө бир киловатына 1 сомдон деген тарифи кала берери айтылат. Ал эми көрсөтүлгөн чектен ашкан учурда бир киловаты үчүн 2,16 сомдон төлөөгө туура келет.

Жаңы тарифтерди 2023-жылдын 1-майынан тартып киргизүүнү сунушталган.

Энергетика министрлигинен аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн тарифтер өзгөрбөсүн, бир киловатт үчүн 50 тыйындан каларын айтышкан.

2023-жылдын январында президент Садыр Жапаров электр энергиясынын баасы кымбаттаарын билдирген. Ал буга чейин 2021-2022-жылдары да ушундай билдирүүлөрдү жасап келген.

Бул ирет өлкө башчы электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын айткан. Тарифтердин жогорулашына Жапаров «энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар» деген жүйө келтирген.

«Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби, бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», — деген ал.