«Кыйноо болгон эмес». Абакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк жубайынын билдирүүсүн төгүндөдү

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында. Сүрөт: Айбек Бийбосунов / Azattyk

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу, ушул тапта абакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерине кыйноого кабылбаганын айтты. Бул тууралуу 10-мартта улуттук борбор билдирди.

«Улуттук борбордун өкүлдөрү менен болгон баарлашууда Тенгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке кагып, эч кандай кыйноолорго кабылбаганын билдирди», — деп айтылат Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун маалыматында.

Буга чейин Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 9-мартта жолдошунун дем алуу органдары жабыркаганын билдирген.

Ал мурдараак прокуратуранын имаратында Бөлтүрүктү күнөөнү моюнга алуу үчүн бөлмөгө камап, бир нече саат бою кишендеп коюшканын айткан.

Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген, соттун акыркы чечимине ылайык, ал 10-майга чейин камакта болот.

«Кумтөрдүн» жетекчилигинин кармалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген.

2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.

Үстүбүздөгү жылы 27-февралда Тенгиз Бөлтүрүк ишканадагы коррупцияны жоё албаганы үчүн президент Садыр Жапаровдон кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнүп кат жазган. Ал зарыл болсо Канадага кетүүгө даяр экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Канадага кетүүгө даярмын». Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк президенттен ырайым сурады

Бөлтүрүктүн адвокаты Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну суранды