ККМ боюнча түшүндүрүү иштери: Нарындын мэри жана салык кызматынын башчысы айыпка жыгылды

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана салык кызматынын башчысы «көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзбөгөнү» үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу 17-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар «Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 миң сомдон айыпка жыгылды.

Калаа башчысы менен салык кызматынын жетекчиси шаарда ишкерлер митинг өткөргөндөн дээрлик бир аптадан кийин жоопко тартылды. 11-мартта Нарында көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) жана жол кыймылындагы жаңы айып пулдарга каршы болгондор митингге чыккан. Алар менен президент Садыр Жапаров жолуккан.

Өлкө башчысы облус жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрүп, быйылкы жылы ички жолдорду оңдоо, Баетов — Нарын жолун бүтүрүү, Нарын аэропортун 2024-жылы пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берген.

ККМ жана ЭТТК деген эмне?

Көзөмөл-кассалык машина (ККМ) — салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык системасына маалыматтарды онлайн жөнөтүүчү түзүлүш. Ал товарларды сатуу же кызматтарды көрсөтүү учурунда колдонулушу керек. Кассалык машиналардын эки түрү бар — аппараттык жана программалык камсыздоо (телефон үчүн тиркемелер).

2021-жылдын аягында президент жарлыкка кол койгон, анда ишкерлерди иш учурунда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууну баштоого милдеттендирген.

Бирок ишкерлердин нааразычылыгынан кийин бийлик базарлардын, кичи базарлардын, жарманкелердин жана көргөзмөлөрдүн аймагында иш алып барган субъекттерге 2023-жылдын 1-апрелине чейин кассалык аппаратсыз иштөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Электрондук товардык транспорттук коштомо (ЭТТК) — 2023-жылдын башынан тартып милдеттүү болуп калды. Мурда соодагерлерге коштомо кагаз түрүндө гана жетиштүү болсо, азыр электрондук документ керектелет.

Аны каттоо үчүн соодагерлер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасында «Жеке кабинет» ачышы зарыл, ал жерге ар бир товарга коштоочу кагаздардын электрондук версиясы киргизилиши керек.

Февраль айынын аягында Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы ишкерлер туш болгон кыйынчылыктардан улам ЭТТК колдонбогону үчүн айып пул салынбай турганын айткан.

ККМге каршы митингдер көп болуп, ишкерлер Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышкан. Мындан улам Акылбек Жапаров соңку интервьюларынын биринде «зарыл болсо КММди базарларда киргизбей туруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз» деп билдирген.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?

«Акылбек Жапаров кетсин!». Бишкекте соодагерлер ККМ жана ЭТТКга каршы митингге чыгышты