Президент Жапаров Нарында митингге чыккан эл менен жолугуп, ККМ боюнча пикир билдирди

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында көзөмөл кассалык-машиналар (ККМ) жана жол кыймылындагы жаңы айып пулдарга каршы митингге чыккан эл менен жолукту. Бул тууралуу 11-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жапаров көзөмөл кассалык-машиналарсыз салыктар толук түрдө чогулбай жатканын белгиледи.

«Контрабанда менен алып келип, базарларга чачыратып таратып берип, патент боюнча жазып коюп жатышат. Миллиарддаган салык бюджетке түшпөй калып жатат. Анан келип: “Мектеп, бала бакча салып, жол куруп бер”, — дейсиңер. Мен анын баарын асмандан албайм да. Баарын көзөмөлгө алышыбыз керек», — деди эл башчысы.

Аны менен катар ал, жол эрежесин бузгандар жана авариядан каза болгондордун саны азайышы үчүн айып пулдар көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле Жапаров Нарын шаарында облус жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрүп, быйылкы жылы ички жолдорду оңдоо, Баетов — Нарын жолун бүтүрүү, Нарын аэропортун 2024-жылы пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.

Акыркы убакта ишкерлер көзөмөл кассалык-машиналарды (ККМ) милдеттүү киргизүүгө жана электрондук товардык транспорттук коштомону (ЭТТК) колдонууга каршы байма-бай нааразычылык акциясына чыгып жатышат. Акцияга катышкан жүздөгөн адамдар патент системасын калтырууну талап кылышууда.

ККМ жана ЭТТК деген эмне?

Көзөмөл-кассалык машина (ККМ) — салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык системасына маалыматтарды онлайн жөнөтүүчү түзүлүш. Ал товарларды сатуу же кызматтарды көрсөтүү учурунда колдонулушу керек. Кассалык машиналардын эки түрү бар — аппараттык жана программалык камсыздоо (телефон үчүн тиркемелер).

2021-жылдын аягында президент жарлыкка кол койгон, анда ишкерлерди иш учурунда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууну баштоого милдеттендирген.

Бирок ишкерлердин нааразычылыгынан кийин бийлик базарлардын, кичи базарлардын, жарманкелердин жана көргөзмөлөрдүн аймагында иш алып барган субъекттерге 2023-жылдын 1-апрелине чейин кассалык аппаратсыз иштөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Электрондук товардык транспорттук коштомо (ЭТТК) — 2023-жылдын башынан тартып милдеттүү болуп калды. Мурда соодагерлерге коштомо кагаз түрүндө гана жетиштүү болсо, азыр электрондук документ керектелет.

Аны каттоо үчүн соодагерлер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасында «Жеке кабинет» ачышы зарыл, ал жерге ар бир товарга коштоочу кагаздардын электрондук версиясы киргизилиши керек.

Февраль айынын аягында Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы ишкерлер туш болгон кыйынчылыктардан улам ЭТТК колдонбогону үчүн айып пул салынбай турганын айткан.

ККМге каршы митингдер көп болуп, ишкерлер Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышкан. Мындан улам Акылбек Жапаров соңку интервьюларынын биринде «зарыл болсо КММди базарларда киргизбей туруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто салык органдары ишкерлерге митингге чыгууга тыюу салышы боюнча иликтөө башталды

Бишкекте ишкерлер ККМ менен ЭТТКга каршы кайрадан митингге чыгышты

«Акылбек Жапаров кетсин!». Бишкекте соодагерлер ККМ жана ЭТТКга каршы митингге чыгышты

Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?