«Ак-Кула» ат майданы сүрдүрүлүп, ордуна көп кабаттуу үй курулушу мүмкүн

Президент Садыр Жапаров «Ак-Кула» ат майданын бузуп, ордуна көп кабаттуу турак-үй куруп, элге жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Жапаров «Ак-Куланын» абалы менен таанышуу үчүн 3-март күнү барган болчу.

Буга чейин Бишкек мэриясы «Ак-Кула» ат майданын инвесторлорго бизнес-долбоор катары сунуштоону пландап жатканын, наркы 70 млн долларга ылайыкталганын билдирген.

Алардын айтымында, ат майдандын негизги имараты авариялык абалда, бүткүл комплекстин 50% ашыгы жараксыз абалга келген.

1947-жылы курулган «Ак-Кула» ат оюндары өтө турган алгачкы ири жайлардын бири. Ипподромдун аянты 60 гектарды түзөт, 5 гектар жерде мал сарайлар жайгашкан.

2000-жылдан бери объект республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

2020-жылы ат майдан авариялык абалда жана оңдоого мүмкүн эмес деп табылган. Анда ведомстволор аралык комиссия ипподром өзүнүн тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданият балуулуктарын жоготту деп тапкан. Бийлик бир канча жыл ипподромду сүрдүрүп, анын ордуна жаңысын куруу үчүн инвесторлорду издеп жатканы боюнча айтып келген, бирок мындан эч кандай майнап чыккан эмес.

Дагы окууңуз: Бишкекте «Ак-Кула» ипподоромун бузуп, ордуна жаңысын салуу пландалууда