Таласта 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Талас облусунун Арал айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 16-марта жабырлануучу кыздын жакындары милицияга арыз менен кайрылышкан. Анда 14 жаштагы кызды ушул жылы 27-январда жергиликтүү тургун өзүнүн унаасында зордуктаганы маалымдалган.

Аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, психикалык ооруга чалдыкканына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934

Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288

Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212