«Өз ишибизди уланта беребиз». Өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү Болот Темиров маек берди

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү-журналист Болот Темиров Archa.media басылмасына интервью берип, өзүнүн акыйкат үчүн күрөшү тууралуу айтып берди.

Темировдун айтымында, ал адвокаттары менен Кыргызстандын бардык мыйзамдарын жүз жолудан текшерип, алардын бири дагы кош жарандуулукка тыюу салбай турганын аныктаган.

«Албетте, Кыргызстанда соттун адилеттүү чечимине үмүт артуу кыйын. Бирок биз күрөшөбүз. Биз эл аралык инстанцияларга кайрылабыз […]. Мен өлкөдө болгонумда дагы мага каршы пропаганда жүргүзүшкөн. Бизди эмнелерде гана айыпташкан жана жаманатты кылышкан жок. Бирок биз бул нерселерге көңүл бурбай өз ишибизди уланта беребиз», — деди Темиров.

Ошондой эле журналист президент Садыр Жапаровдун жанында пайда болгон ишкер Хабибула Абдукадыров — Кыргызстандын бажысындагы аткезчилик жана коррупция тууралуу иликтөөнүн фигуранты тууралуу да комментарий берди. Темиров «Жапаров Абдукадырды “инвестор” деп атап кызматташуу менен Кыргызстанда шылуун жана криминалдарга бейишти түзүп берет» деп айтты.

«Бийлик Кыргызстанды криминалдык акчаларды адалдоочу жерге айлантып жатат. Бул эртеби, кечпи кесепетин көрсөтөт. Бул өлкөнү эч жака алып барбай турган, алысты көрө билбеген саясат», — деп айтты журналист.

Темиров профессионалдуу журналистика Кыргызстанды өнүктүрүүнүн пайдубалы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Болот Темиров — кыргызстандык иликтөөчү журналист, ал 2022-жылдын ноябрында өлкөдөн чыгарылган. Бул иликтөөчүлөр «2 күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы, Садыр Жапаровдун жообу!» аталышындагы иликтөөнү жарыялагандан бир жылдан кийин болгон.

Темировду өлкөдөн чыгарууга Свердлов райондук сотунун чечими негиз болгон. Сот журналисттин паспортун жараксыз деп таап, жокко чыгаруу чечимин чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Темировду күч менен аэропортко алып барып, Москвага учкан учакка салып жиберишкен.

Журналист анын өлкөдөн чыгарылышы таптакыр мыйзамсыз экенин белгилеп келет.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет.