Бишкекте Нооруз майрамына карата бир тоннадан ашык сүмөлөк кайнатылды

Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата 1 тонна 200 литр сүмөлөк кайнатылды. «Ынтымак сүмөлөгү» аттуу азем 20-мартта «Дасмия» этно-комплексинде болуп өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, өлкөнүн ар башка региондорунан келген аялдар жана 200гө жакын балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен шаар тургундары катышты.

Билдирүүдө даярдалган сүмөлөк 21-мартта кыргызстандыктарга жана балдар үйлөрүнө акысыз таратылары айтылат.

Сүмөлөк Ноорузга карата жасалып, анын курамына ун, май жана өндүрүлгөн буудай кошулат. Аны майрамга чейин бир күн мурда даярдап башташат. Ал эми демдөө убактысы бир түндү алат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чет элдиктер сүмөлөктү ар кандай азыктарга аралаштырып жеп көрүштү