Бишкекте милиционерлер зордуктаган 13 жашар кызды колдоо митинги өттү

22-мартта активисттер милиционерлер зордуктаган 13 жашар кызды колдоп Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты.

Ага ондогон киши катышты. Активисттердин айтымында, милиция кызматкерлери алардан митингди Жогорку соттун алдында эмес, жакын жердеги парктардын биринде өткөрүүнү суранды.

«Эң жаман жери — эртең келип ошол 13 жашар кызыбыз сыяктуу кичинекей кыздарыбызды, балдарыбызды зордуктап же болбосо башка күч колдоно турган инсандар ушинтип оңой кутулуп кетерине дагы бир жолу ынанып, ишенип алат дагы, биздин өлкөдөгү мыйзамдуулук байланыш, акча жана бийликтен төмөн турарын кайра далилдеп коёт», — деди активист Эркин Рыскулбеков.

Акциянын катышуучулары соттолуучуларга карата буга чейинки инстанция чыгарган өкүмдү жумшартпоону талап кылышты. Быйыл январда Бишкек шаардык соту соттолгон милиционерлердин жаза мөөнөтүн 10 жана 15 жылдан 6 жана 9 жылга кыскарткан.

Өспүрүм кыздын зордукталганы 2021-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

Ошондой эле, зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдары сотко өткөн.