Акылбек Жапаров: 2023-жылдын соңуна чейин 204 мектептин курулушу аяктайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бийлик 2023-жылдын соңуна чейин 204 мектептин курулушун аяктайт деп ишендирди. Бул тууралуу ал минкабдын 23-марттагы жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, мектептерден тышкары жыл аягына чейин 49 бала бакча, 18 медициналык жана 30 маданий мекеме курулат. Президенттин тапшырмасы менен курулуш иштерине 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Февралдын аягында президент Садыр Жапаров жакын арада мамлекет Бишкекте, андан кийин аймактарда мектеп жана бала бакча курганды токтотот деп билдирген. Анын айтымында, мамлекет мектеп же бала бакча курам деген ишкерлерге жер бөлүп берет.

Кыргызстанда мектеп маселеси курч турат. Биринчиден, алар ашыкча толгон — окуучуларга бир партада үчтөн отурууга туура келет. Экинчиден, жада калса бар турган мектеп имараттары да көп учурда авариялык абалда.

2019-жылы өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп авариялык абалда экенин билдирген. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүү керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Мамлекетте бала бакчалардын саны да тартыш. «Башта» долбоорунун маалыматында 1 млн 180 мин мектеп курагына чейинки балдардан ичинен 900 миңи (бул 75%) бала бакчага барбайт.