Активист Мырсалиева улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча соттун өкүмүнө каршы даттанат

Активист Айжан Мырсалиева улуттар аралык кастыкты козутууга күнөөлү деп таап, 100 миң сом айып салган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы даттана турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы барагына жазды.

Ошондой эле, Мырсалиева иштин айрым жагдайларын да айтып берди. Анын айтымында, бул тууралуу кылмыш иши козголгондон жарым жыл өткөндөн кийин гана билген.

«Экспертиза бир эле күндө өткөрүлдү. Сотто эксперт экспертиза катачылык менен жүргүзүлгөнүн тастыктады. Анда так эмес жагдайлар бар — билдирүү орус тилинде болсо да ал [экспертиза] кыргызча жүргүзүлгөн. [Эксперт] эгер аларда психолог болгондо, анда психологиялык экспертиза да жүргүзүшмөк экен деп айтты. Ошондо жалпысынан жыйынтык өзгөрмөк», — деди ал.

Кастыкты козутуу иши

Мырсалиевага каршы кылмыш иши 2022-жылы июлдун ортосунда козголгон.

Милициянын версиясы боюнча, активист ТикТоктогу тараган видеодо айткан сөздөрүндө кастыкты козутуу камтылган. Ошондой эле видео соцтармактарда чоң талкуу жараткан жана чыр-чатака алып келүүсү мүмкүн болчу.

Ал эми Мырсалиева белгисиз адамдар түз эфирдеги видеодон кыска бир мүнөттүк видео кесип алып, монтаждап Тик-Ток менен Инстаграмга жарыялашкан деп айткан. Ал жерде улуттар аралык кастыкты козутпаганын, ага карата иш козголгонун «буйрутма» деп атаган.