Экономика министрлиги казинонун түрлөрүнө салык ченемин азайтууну сунуштады

Экономика жана коммерция министрлиги оюн-зоок иштеринин түрлөрүнө салынуучу салык ченин азайтууну сунуштады. Мекеме токтом долбоорун 24-мартта коомдук талкууга чыгарды. Экономика министрлиги төмөнкүдөй чен киргизүүнү пландап жатат:

Казинонун 1 оюн столу (флот) үчүн:

  • 2023-жылы – 450 000 сом (азыр 1 млн сом;
  • 2024-жылдан тартып – 1 млн 250 миң сомдун ордуна 600 000 сом;

Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында 1 оюн автоматы үчүн:

  • 2023-жылы – 10 000 сом, (учурда 75 миң);
  • 2024-жылдан тартып - 100 миңдин ордуна 15 000 сом.

Документтин маалымкат негиздемесинде салык ставкаларын азайтууга оюн-зоок индустриясын өнүктүрүү үчүн жаңы дем берүү жана салыктык жүктү жеңилдетүү зарылчылыгы түрткү бергени жазылган.

Кумарканаларды ачуу

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт деп эсептешет. Бирок кумар оюндарына уруксат берилгенден бери казино ачуу үчүн бир дагы лицензия бериле элек.