Москва: Кыргызстандын төрт жараны мекендешин өлтүрүүгө шектелип кармалды

Орусиянын Москва шаарында эки кыргызстандык бычакталып, бири жеринде каза болду. Кылмышка шектүү катары төрт кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу 24-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-март күнү таңкы саат 04:10 чамасында Москванын Павшино аймагында болгон. Районундук полиция бөлүмүнө көчөдө белгисиз адам эс-учун жоготуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган полиция кызматкерлери бычак жеген эки кыргызстандыкты табышкан. Алардын бири, Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми экинчиси, Жалал-Абаддын Сузак районунун 19 жаштагы тургуну ооруканага жаткырылган.

Бул боюнча Орусиянын Тергөө комитети «Киши өлтүрүү» жана «Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары кыргызстандын 20 жана 21 жаштагы 4 жараны кармалды.

«Алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт», — деп белгилешти ИИМден.

Буга чейин, январь айында Москвада кыргызстандык мекендештерин уурдап, акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалган. Анда «Адам уурдоо» беренеси менен иш козголгон.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарымында Орусияга 438,2 миң кыргызстандык кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 53,3 миңге көп экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Москва шаарында мекендештеринен акча опузалаган кыргызстандыктар кармалды