Биринчи май РИИБдин жетекчилери кызматкерлери акча опузалаганы үчүн иштен алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин жетекчилери иштен алынды. Ага райондук милициянын кызматкерлеринин массаж жасаган салондорду «калкалаганы үчүн» акча опузалоого шектелип кармалганы негиз болду. Бул тууралуу 25-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кол алдындагы кызматкерлерди көзөмөлдөө жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн Биринчи май РИИБнин башчысы Мирлан Ниязалиев, орун басарлары Улан Орозалиев менен Эрмек Момуналиев жана Бишкек ШИИББнин жетекчисинин орун басары Улан Бектемишов кызматтан алынды.

Ошондой эле шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевге, ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Турганбаевге жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Бердибаевге катуу сөгүш берилди.

Ал эми кызматтык талаптарын толук сакталбаганы үчүн шаардык милициянын жетекчисинин орун басарлары Кылычбек Жолдошов менен Данияр Рускуловго жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айбек Ибраимовго эскертүү берилди.

ИИМдин буйругу менен Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук боюнча жетекчисинин орун басары Тилек Түкебаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Биринчи май РИИБнин башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин Биринчи май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн үч кызматкери «массаждык салондорду калкалаганы үчүн» көптөн бери акча опузалоого шектелип кармалышкан.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр массаж жасаган салондорду негизсиз текшерип, ай сайын 500 доллардан 1000 долларга чейин акча алып жүрүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Сузакта кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырган милиция кызматкерлери кармалды

Кочкор: Кримтөбөл Көлбаевдин кишилери жана ага тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалды