Кайгуул милициясы: Айыптын өлчөмү көбөйгөндөн кийин, мас абалда унаа айдагандардын саны азайды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эреже бузган айдоочуларга карата айыптын өлчөмү көбөйгөндөн кийин, мас абалда унаа айдагандардын саны 41%га азайганын билдирди. Бул тууралуу маалымат 24-мартта ИИМдин сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө 8-марттан 24-мартка чейинки 16 күн ичинде мас абалда унаа башкарган айдоочулардын саны 423кө жеткени айтылат — былтыр ушул эле мөөнөт аралыгында 800 мас айдоочу кармалган.

«Анын себеби, мурда мас айдоочулар 17 миң 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат», — деп түшүндүрүштү милициядан.

ИИМден быйыл каршы тилкеге чыгып эреже бузган айдоочулардын да саны азайып жатканын белгилешти. Буга чейин каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочулар 5 миң 500 сом айыпка жыгылса, учурда 15 миң сом төлөйт.

«Ошондуктан айдоочулар жоопкерчиликтен коркуп, жол эрежелерин так сактоого аракет кылууда», — дешти Кайгуул милициясынан.

8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылары кабарланган. Ал эми жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдардын өлчөмү төмөнкүдөй өзгөргөн:

  • Айдоочулук күбөлүгү жок айдагандарга 5500 сом болсо, эми 15 000 сом. Арзандатуу каралган эмес;
  • Светофордун кызыл түсү жанып турганда айдап өтүү же тротуардан айдоо 3000 сом болсо, эми 5000 сом;
  • 40-60км/сааттан ашыруу мурда 5500 сом болсо, эми 7500 сом;
  • 60км/сааттан ашыруу мурда 7500 сом болсо, эми 15 000 сом;
  • Каршы тилкеге өтүү 5500 сом болсо, эми 15 000 сом;
  • Жолдо бейбаштык кылуу 7500 сом болсо, эми 15 000 сом. Кайталап эреже бузса айдоочулук күбөлүгү 6 айга жокко чыгарылат;
  • Айдоочу кырсык болгон жерден качып кетсе, 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
  • Ошондой эле 70%га арзандатылган айып пулдарды бир айдын ичинде төлөсө болот (мурун 15 күн болчу);
  • Айдоочу 3 жолу жол эрежесин бузса, айдоочулук күбөлүккө кайталап экзамен тапшыруусу керек;
  • Буга чейин айдоочулар айып пулду 10 000 сомго чейин чогултуп төлөсө, эми 3000 сомдон ашпоосу керек. «Укук бузуу кодексинин» акыркы өзгөртүүлөрүнө ылайык, айдоочу бардык транспортту башкаруудан четтетилет жана унаасы айып короосуна жайгаштырылат;
  • Жасалма номер менен транспорт башкаруу үчүн буга чейин 15 000 сом болсо, эми 20 000 сом. Мыйзам бузуу кайталанса айдоочу күбөлүктөн ажырап, унаа айдоо мүмкүнчүлүгүнөн четтетилет.