Активист Афтандил Жоробеков күбө катары милицияга суракка чакырылды

Афтандил Жоробеков

Жарандык активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясынын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Ал 25-мартта фейсбук барагына милиция жиберген чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады.

Жоробеков күбө катары суракка чакырылган, бирок кайсы иш боюнча көрсөтмө берери азырынча белгисиз. Чакыруу кагазына ылайык, активист 26-март күнү саат 16:00гө суракка барышы керек.

Ал эми райондук милициядан Жоробековдун суракка чакырылганы боюнча маалымат берише элек.

Чакыруу кагазы. Сүрөт: Афтандил Жоробеков

Афтандил Жоробеков — соцтүйүндөгү «БеспределKG» паблигинин администратору. Ал 2019-жылы «аймак аралык кастыкты козутууга» айыпталып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Анда атайын кызматтан активисттин посту соцтүйүндүн колдонуучуларынын агрессивдүү маанайдагы комментарийлерин жараткан деп белгилешкен.

УКМК Жоробеков бозгун президент Курманбек Бакиев жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар тууралуу посттор үчүн кармалганын билдирген. Бирок Биринчи май райондук сотунун токтомунда башка маалымат көрсөтүлгөн. Ал «Хабибула жана Соке Райымды чыгарып кетишти!» деп аталат.

Токтомдо атайын кызмат посттон «мамлекет башчысы коррупциялык кылмыштын катышуучусу болуп эсептелет делген чагым жана көзкөрүнө жалган маалыматтарды» көргөнү айтылат.

2020-жылдын жайында Жоробековго козголгон кылмыш иши токтотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Журналист Ыдырыс Исаков салык кызматынын инспекторунун арызы боюнча суракка чакырылды