Ош: Журналист Ыдырыс Исаков салык кызматынын инспекторунун арызы боюнча суракка чакырылды

Ошто салык кызматынын инспектору Жаңыбай Сарыбашов иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арыз жазып, ал суракка чакырылды. Бул тууралуу журналист өзү 23-мартта билдирди.

Буга чейин Исаков инспектордон комментарий алууга аракет кылып аны кубалап жаткандагы видеосун жарыялаган. Анда Сарыбашов жасалма документ аркылуу Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургундарынын биринин жер тилкесин тартып алганы айтылган. Исаков аталган маселе боюнча Сарыбашовдон комментарий алууга аракет кылган, бирок ал жооп берүүдөн баш тартып, журналисттен качып кеткен.

Исаков Сарыбашовдун «ак же кара экени аныктала электе актанып баштаганы шашкандай болуп калыптыр» деп билдирди.

«Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмөн милицияга эмес, бандиттерге даттанса дагы эп болмок. [...] Эмнеси болсо да суракка барам. Тергөөчүнүн суроолоруна жооп берем. Анан кагаздарга кол коём. Иштер кала берет. Мага чалгандар күтө берет. Макул эми», — деди журналист.

Иликтөөчү журналист февраль айында да милицияга чакырылып, төрт жыл мурда Садыр Жапаров боюнча айткан видеосу үчүн сурак берген.

Анда TikTok соцтармагына «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз, ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген баштема менен кыска видео жарыяланып, анда Исаковдун эски видео кайрылуусунун үзүндүсү пайдаланылганы себеп болгон.

Журналист өзү көрсөтмөдө видеонун ээсин «тааныбай турганын жана видеодо кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жатканын билбейт экенин» айткан.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл «Азаттык» үналгысында иштеп, 2019-жылы ал жактан кетип, өзүнүн YouTube каналын ачкан. Учурда ал социалдык көйгөйлөрдөн тарта иликтөөлөргө чейин сюжеттерди чыгарууну улантууда, каналына 400 миңден ашуун адам катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды

Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаков күбө катары чакыртылганын билдирди