Экс-премьер-министр Оторбаевдин Борбор Азиянын экономикасы тууралуу китеби Лондондо жарыкка чыкты

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин экономика жаатындагы «Чоң жаңы оюндун көлөкөсүндөгү Борбордук Азиянын экономикалык кайра жаралышы» аттуу китеби февралда Лондондо басылып чыкты.

Маалыматка ылайык, китепте деңизге чыга албаган Борбор Азия аймагынын уникалдуу өнүгүү жолдору, экономикалык абалы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндалат.

Ошондой эле эмгекте аталган чөлкөмдүн постсоветтик экономикалык жана саясий трансформациясынын жетишкендиктери менен кыйынчылыктарына, аны менен катар Орусия, Кытай жана Батыш өлкөлөрү менен болгон мамилелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Китептин бет ачары 23-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Борбор Азиядагы элчиликтердин, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин, аналитикалык борборлордун өкүлдөрү жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Оторбаевдин эмгегине Германиянын экс-президенти, профессор, доктор Хорст Кёлер, Чехиянын мурдагы премьер-министри жана президенти Вацлав Клаус, Азия өнүктүрүү банкынын мурдагы президенти Такехико Накао, Дүйнөлүк банктын мурдагы вице-президенти Филипп Ле Уэру жана бир катар өлкөлөрдүн мурдагы башчылары рецензия жазышкан.

Оторбаев жана Кумтөр иши

Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын мартынан 2015-жылдын апрелине чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Министрлер кабинетинин төрагалыгынан кеткенден кийин саясаттан ыраактап, эл аралык уюмдар менен кызматташып келет.

Ал 230дан ашык илимий эмгек жана монографиялардын автору. Анын жетекчилиги астында илимдин алты кандидаты даярдалган.

Оторбаев 2021-жылы 16-сентябрда Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМК анда Оторбаев премьер-министр болуп турганда Кумтөр кенинин башкы планын экспертизадан өткөрүүдө Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине басым жасап, Суу кодексинин жана «Суулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганын айтып чыккан.

Тергөө экс-премьер мындай кадамга Centerra Gold Inc. компаниясынын кызыкчылыгы үчүн барган жана Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн жок кылууга макулдугун берген деп эсептеп, 2022-жылы «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» күнөөлүү деп табылган. Ага ылайык, Оторбаев мамлекетке 300 миң сом өлчөмүндө айып төгүүгө милдеттендирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Америкалык экономисттердин Why Nations Fail китеби кыргыз тилинде басылып чыкты

«Кумтөр иши»: Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салынды