Ошто Орусиянын каржылоосу менен билим берүү комплекси курулат

Ош шаарында Орусия 1224 орундуу билим берүү комплексин курат. Бул тууралуу 27-мартта Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орусиядан келген делегация менен жолугуп, анда мектептин курулушу боюнча пландалган долбоорду талкуулашкан.

Калаа башчысы Жетигенов аталган окуу комплекси «окуучуларга заманбап стандарттарга ылайык билим берүүчү жай болорун жана шаар бийлиги тарабынан зарыл болгон бардык колдоолор көрсөтүлөрүн» белгилеген.

Ал эми Орусиянын президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди. Анын айтымында, бул объект «орус-кыргыз достугунун символу болуп калат».

«Бул 1224 орундуу заманбап билим берүү комплексинде бассейндер, стадиондор, спорт аянтчалары болот. [...] Жалпысынан республика боюнча ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 9 комплекс курулат. Пландалгандай, бул окуу комплексине жергиликтүү орус тили мугалимдери да, Орусиянын тиешелүү педагогикалык жогорку окуу жайларында керектүү окуудан өткөн мугалимдер да тартылат», — деди Рыбаков.

Андан сырткары жолугушууга Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков катышты. Алар 29-мартта билим берүү мекмелеринин курулушу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюларын жана ар түрдүү тармакта «эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин» белгилешти.

Орусиянын өкмөтү Кыргызстандын 7 облусуна жалпы 9 мектеп куруп берери тууралуу маалымат өткөн жылы маалым болгон. Ага ылайык, курулушту орус бийлиги көзөмөлдөп, мектеп бүткөн соң кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Мекмелерде окутуу орус тилинде болот, «эгер зарылдык» болсо кыргыз тилиндеги класстар ачылат. Ал жерде билим берчү мугалимдер Орусиядан атайын окутуудан өтүп келишет.

Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салып, миңдеген жай тургундар каза табууда. Кыргыз бийлиги бул маселеде нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылууда. Анткен менен кыргызстандыктар бир нече жолу Украинадагы согушка каршы чыгып, Украинадагы согушта каза таап, жетим-жесир калгандар үчүн Путин Гаагадагы Эл аралык жазык сотунда жооп берүүсү керек деп митингдерге чыгышкан.

Үстүбүздөгү жылы 17-мартта Гаагадагы Эл аралык жазык соту Путинди Украинанын басылып алынган аймактарындагы жаш балдардын Орусияга мыйзамсыз, мажбурлап алып чыгарылганына байланыштуу камакка алуу боюнча ордер чыгарган. Ал эми орус бийлиги буга жооп кылып, эл аралык жазык сотунун мыйзамдуулугун тааныбай турганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министрлиги: Орусиянын эсебинен Кыргызстанга 9 мектеп курулат

Украинадагы согуш: Гаагадагы Эл аралык сот Путинди камакка алуу боюнча ордер чыгарды