Президенттин администрациясы орусиялыктарга паспорт берүүдө коррупция болууда дегенди төгүндөдү

Президенттин администрациясынан орусиялык саясатчылар менен бизнесмендерге кыргыз паспортун берүүдө коррупцияга жол берилген деген божомолду четке кагышты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу билдирди.

«Талаптар баарына бирдей, кээ бир адамдарга артыкчылыктар каралган эмес», – деп билдиришти администрациядан.

Алардын маалыматы боюнча, жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнмөнүн баары дыкат каралып, Кыргызстандын мыйзамдары жана эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

Буга чейин журналисттер Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары, алардын ичинде Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин жана Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Антон Шкуренко кыргыз жарандыгын алганын аныкташкан. Анда алар жарандыкты коррупциялык жол менен алышкан болушу мүмкүн деген божомол айтылган.

Мындан сырткары, кремлчи активист жана «Наши» кыймылынын экс-спикери Мария Дрокова, «Сколково» фондунун биринчи вице-президенти Кирилл Каем жана орусиялык ишкер Валерий Задориндин уулдары кыргыз жарандыгына ээ болушкан.

Коррупцияга каршы эксперт Илья Шуманов орус элитасы Кыргызстанды өздөрүнүн дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөлөрүн, «дегеле [өз] жашоолорун жеңилдетүү» үчүн укуктук талаа катары колдонуп жатышканын айткан. Анын айтымында, ортомчулар Кыргызстандын паспортун алып берүү үчүн 5 миңден 30 миң долларга чейин сурашат.